USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Азия оюндары-2026: Кыргызстандык балбан Жоломан Шаршенбеков финалга чыкты

10:30, 01 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча мелдештин финалына чыкты.

Балбан 60 кг салмакта күч сынашууда. Ал мелдешти 1/8 финалдан баштап, алгач түштүк кореялык атаандашын 9:0 эсебинде жеңген. Андан соң чейрек финалда түркмөнстандык балбанды 8:0 эсебинде уткан.

Жарым финалда кыргызстандык балбан Ирактан келген атаандашын 40 секундда 10:0 эсебинде жеңип, мөөнөтүнөн мурда финалга жолдомо алды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18