Францияда окуучулар массалык нааразылык акцияларга чыкты. Алар эмнеге нааразы?
Францияда бир жумадан ашык убакыттан бери мектеп окуучулары массалык нааразылык акцияларына чыгышууда. Алар сабактардын ырааттамасына, мугалимдердин жетишсиздигине жана лицейлердин начар абалына нааразы экенин Meduza билдирет.
Маалыматка ылайык, демонстрациялар борбордук Иль-де-Франс регионунда башталып, тез эле бүткүл өлкөгө жайылган. Лицей окуучулары класстардын ашыкча толуп кетишине, мугалимдердин жетишсиздигине, окуу жайларынын начар абалына жана алардын пикири боюнча ашыкча жүктөлгөн сабактардын расписаниесине нааразы.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 29-сентябрда бүткүл Франция боюнча нааразылык акцияларынын 400дөн ашык катышуучусу кармалган. Алардын көбү жашы жете электер. Билим берүү министрлиги нааразылык акциялары өлкөдө иштеп жаткан болжол менен 3,7 миң мектептин ичинен бир нече жүзүн камтыганын жарыялады.
Айрым ири шаарлардагы нааразылык акциялары окуучулар менен полициянын кагылышуусуна айланган. Айрым учурларда демонстранттар күйүүчү аралашмасы бар бөтөлкөлөрдү колдонушуп, полициячыларга таш ыргытышкан. Буга жооп катары полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.




