Токмокто төрөлгөн жазуучу Нобель сыйлыгы талапкерлеринин арасында аталууда
Өзбек жазуучусу Хамид Исмаилов 2026-жылдагы адабият боюнча Нобель сыйлыгына ыктымалдуу талапкерлердин тизмесине киргенин ЖМКлар кабарлоодо.
Исмаиловдон сырткары тизмеде Харуки Мураками, Маргарет Этвуд, Салман Рушди, Дэвид Гроссман, Джоан Роулинг жана Стивен Кинг сыяктуу дүйнөгө белгилүү авторлор да аталган.
Нобель сыйлыгынын өзгөчөлүктөрүнүн бири — адабият боюнча сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлер жана аларды сунуштаган адамдар тууралуу маалымат 50 жыл бою купуя сакталат. Нобель сыйлыгынын расмий базасында да жаңы номинациялар тууралуу маалыматтар ушул мөөнөт өткөндөн кийин гана жеткиликтүү болору белгиленген. Ошондуктан азыркы тапта Хамид Исмаиловдун чындап эле 2026-жылдагы сыйлыкка көрсөтүлгөнүн расмий түрдө ырастоо мүмкүн эмес.
Хамид Исмаилов 1954-жылы 5-майда Токмокто төрөлгөн. Кийин Лондонго көчүп барып, көп жыл Би-Би-Синин Дүйнөлүк кызматында эмгектенген. Бүгүн анын чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө окулуп, ар түрдүү тилдерге которулуп келет.
2019-жылы анын «Жиндердин бийи» романы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын адабий сыйлыгына татыган. Бул чыгармада эки башка доордун жана эки башка адамдын тагдыры бир жерден кесилишет. XIX кылымдагы акын аял Айхандын тагдыры менен XX кылымдагы жазуучу Абдулла Кадырийдин өмүрү катар жүрөт. Окуялар өнүккөн сайын алардын ортосундагы окшоштуктар ачылып, тарых жөн гана артта калган окуя эмес экенин сездирет.
Ал эми быйыл «Биз деген — компьютерлер» романы ошол эле сыйлыктын кыска тизмесине кирди. Анда чыгыштын классикалык поэзиясы, казал салты, тарыхый эс тутум жана жасалма интеллект сыяктуу азыркы замандын суроолору айкалышып турат. Тарыхый акыйкат менен бүгүнкү күндүн чоң суроолору бир чыгармада жолугат.
Эске салсак, 2026-жылдагы адабият боюнча Нобель сыйлыгы 8-октябрда Стокгольмдо жарыяланат. Жеңүүчү 12 миллион швед кронасын (болжол менен 1,2 миллион доллар) алат. Сыйлыкты тапшыруу аземи 10-декабрда өтөт.
Өткөн жылы адабият боюнча Нобель сыйлыгын венгриялык жазуучу Ласло Краснахоркаи алган.