USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын ИДПсы кошумча 4,83 пайызга өсөт

09:07, 01 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын ИДПсынын кошумча 4,83 пайызга өсүшүн аныктады. Мындай эсептөөлөр Дүйнөлүк банк аналитиктеринин изилдөөсүндө көрсөтүлгөн.

Эксперттер Транскаспий транспорттук коридору өнүккөн учурда Кыргызстан болжол менен 735 миллион доллар өлчөмүндөгү ИДПнын кошумча өсүшүнө үмүт арта алат деп божомолдошот.

Изилдөө Армения, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстан боюнча маалыматтарды чагылдырат.

Докладда Орто коридорду өнүктүрүү жана транспорттук чыгымдарды азайтуу Кыргызстан экономикасы үчүн ИДПнын кошумча өсүшүн, калктын иш менен камсыз болушунун жогорулашын жана экспорт менен импорттун өсүшүн, ошондой эле инфраструктуралык инвестициялардын аркасында курулуш тармагындагы өндүрүш көлөмүнүн 27,3 пайызга көбөйүшүн камсыз кыла алары белгиленген.

Өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнүн жанданышы эң оболу Казакстанга, Түркияга жана Өзбекстанга жөнөтүүлөрдүн көбөйүшү менен байланыштуу деп эсептешет Дүйнөлүк банктын аналитиктери.

Импорттун олуттуу өсүшү транспорттук чыгымдардын азайышы жана товарларга, анын ичинде өнөр жай менен инфраструктураны өнүктүрүүгө керектүү жабдууларга болгон суроо-талаптын жогорулашы менен түшүндүрүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18