Байге фонду 1 млн сом: Бүгүн Ошто республикалык айтыш башталат
Ош шаарынын күнүнө жана Кыргыз Эл баатыры, залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, тандоо туру 1-октябрда саат 10:00дө Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт. Түштүк аймагындагы акындар үчүн тандоо туру 3-октябрда Ош шаарында уюштурулат.

Акындардын чеберчилиги, сөз байлыгы, теманы ачып берүү жөндөмү, үнү, комуз чертүү деңгээли жана сахна маданияты бааланат. Жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт.
Иш-чараны Ош шаарынын мэриясы, Маданият министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Айтыш» коомдук фонду уюштурууда.