Азия оюндары-2026: Балбан Раззак Бейшекеев коло медалга ээ болду
Бүгүн, 30-сентябрда кыргызстандык спортчу Раззак Бейшекеев Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарында коло медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 67 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Алгачкы беттешинде катарлык Ареф Мохаммадини 4:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Бирок, жарым финалда өзбекстандык Айтжан Халмахановго 0:5 эсебинде утулуп калган.
Ал эми коло медаль үчүн беттеште Бейшекеев кытайлык Ленг Жини 5:1 эсебинде жеңип, Азия оюндарынын байге ээси болду.