Тоң районунда баасы 49 миллион сомдон ашкан 29,9 гектар аянттагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу прокуратура органдарынан билдиришти.
Жер мыйзамдарынын сакталышын текшерүү учурунда, 2007-жылы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу жайыт тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткени аныкталган.

Прокурордук чаралардын жыйынтыгында базар баасы 49 млн 200 миң сом деп бааланган 29,9 гектар жер тилкеси толугу менен мамлекеттин карамагына кайтарылды.