Данияр Амангелдиев Бишкектин узак жашаган тургундары менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Карылар күнүнүн алдында борбор калаада жашаган узак өмүр сүргөн үч апага — Кичикан Чолиевага, Бурул Дүйшалиевага жана Ефросинья Соколовага барды. Бул тууралуу минкабдан билдиришти.
Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан узак жашоочуларга белектер тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлдү.
Социалдык фонддун маалыматы боюнча, учурда республикада 100 жаш жана андан жогорку курактагы 178 жаран жашайт. Алардын ичинен 21 адам Бишкек шаарында жашайт.
Улуу муун өкүлдөрүнө кам көрүү, алардын социалдык укуктарын камсыз кылуу жана татыктуу жашоо үчүн шарттарды түзүү мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Улгайган адамдардын эл аралык күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленет. Бул дата улуу муун өкүлдөрүн колдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине, ошондой эле алардын коомду өнүктүрүүгө кошкон салымын таанууга көңүл бурууга багытталган.


