Кыргызстан менен Улуу Британия аскердик кызматташууну талкуулашты
Кыргызстан менен Улуу Британия аскердик чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатышат. Бул тууралуу эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Коргоо министрлигинен билдиришти.
29-сентябрда Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу, полковник Рустам Ормокоев Улуу Британиянын коргоо иштери боюнча мамлекеттик министри лорд Вернон Коакер менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу аскердик кызматташуунун учурдагы абалын жана аны андан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Аскер кызматчыларынын ортосунда тажрыйба алмашууга жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн англис тили курстарын уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн коопсуздугу менен туруктуулугунун кызыкчылыгында коргоо чөйрөсүндөгү байланыштарды чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.