Кыргызстандагы токойлордун аянты 1993-жылдан бери 506 миң гектарга көбөйдү
Кыргызстандын мамлекеттик токой фондунун жалпы аянты 2 миллион 540 миң гектарды түзөт, анын 799,5 миң гектарын токой ээлейт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирет.
Өлкөдөгү токойлорду коргоону, сактоону жана башкарууну 40 токой чарбасы, бир токой-уучулук чарбасы жана бир токойду коргоо жана сактоо станциясы жүзөгө ашырат.
Учурда өлкөдөгү токойлордун жалпы аянты 1 миллион 273 миң гектарды түзөт. Салыштырмалуу айтканда, 1993-жылы бул көрсөткүч 767 миң гектарды түзгөн. Ошентип, бул мезгил аралыгында токойлордун аянты 506,3 миң гектарга көбөйгөн.
Кыргызстандын токойлору курамына жана өсүү шарттарына жараша төрт негизги өсүмдүк зонасына бөлүнөт: карагай, арча, жаңгак-мөмө-жемиш жана башка түрлөрү. Токой экосистемаларынын ар бири өзүнүн биологиялык ар түрдүүлүгү жана экологиялык өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат.
Токойлор экологиялык теңдештикти сактоодо маанилүү роль ойнойт. Алар климатка жана атмосферанын абалына таасирин тийгизип, абанын сапатын жакшыртууга жана гидрологиялык процесстерди жөнгө салууга көмөктөшөт, ошондой эле кыртышты шамалдан жана суу эрозиясынан коргойт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды токойлорго аяр мамиле жасоого, айлана-чөйрөнү булгабоого жана токой ресурстарын сактоо да, коргоо боюнча чараларды көрүүгө чакырат.