USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ЖК депутаты: «Мадина» базарынын ишкерлери өрттөн кийин компенсация алыша элек

11:18, 30 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

«Мадина» базарынын ишкерлери өрттөн кийин ушул күнгө чейин компенсация ала элек. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат Гуля Кожокулова билдирди.

Анын айтымында, 30-августта базарда өрт чыккан.

«Мадина» базарындагы өрт

«Көптөгөн ишкерлердин товарлары зыян тартты. Ушул күнгө чейин базар администрациясы да, борбор калаанын мэриясы да жабыркагандарга өрттүн келип чыгуу себептерин жана компенсация качан төлөнөрүн түшүндүрүшө элек. Көптөгөн ишкерлердин кредиттери бар, алардын абалы оор. Бул маселени олуттуу иштеп чыгуу жана түзүлгөн кырдаалда бизнеске жардам берүү керек», — деп эсептейт Гуля Кожокулова.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн келип чыгышына электр зымдарынын кыска чаташуусу себеп болушу мүмкүн. Милиция окуянын бардык жагдайларын аныктоону улантууда.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев жабыркаган ишкерлерге компенсация төлөнөрүн билдирген. Учурда бийлик өкүлдөрү соодагерлердин санын жана алардын ар бирине келтирилген чыгымдын өлчөмүн аныктап жатышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18