USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ЖКда Бишкек — Ош каттамы боюнча авиабилеттердин кымбаттыгына нааразы болушууда

10:48, 30 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеште Бишкек — Ош каттамы боюнча авиабилеттердин баасы жогору экендигине нааразы болушууда. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат Бурул Аманова билдирди.

Анын айтымында, көптөгөн жарандар бул багыт боюнча билеттердин кымбаттыгына даттанышууда.

«Бул каттам дайыма рентабелдүү, учактын салону эки тарапка тең толуп учат. Бирок баасы дагы эле жогору бойдон калууда. Ошол эле учурда билеттин баасына кошумча, айрымдар жакшы орундар үчүн дагы өзүнчө акча төлөшөт. Бишкек — Ош аралыгы аба аркылуу 300 чакырымды түзөт. Башка багыттар боюнча дал ушундай аралыкка билеттердин баасы арзаныраак. Ош — Бишкек каттамына билеттердин баа саясаты кандайча түзүлөрүн териштирүү зарыл», — деп кошумчалады Бурул Аманова.

Буга чейин да эл өкүлдөрү бул багыт боюнча билеттердин баасын төмөндөтүү зарылдыгы тууралуу маселени бир нече ирет көтөрүшкөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18