Азия оюндары- 2026: Кыргызстандык балбан Асан Жанышов финалга чыкты
10:15, 30 сентября 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Японияда өтүп жаткан XX жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча финалга чыкты.
Бүгүн, 30-сентябрда чейрек финалда өзбекстандык балбанды утуп, жарым финалда казакстандык атаандашын 6:1 эсебинде жеңди.
Асан Жанышов 87 килограммга чейинки салмакта күрөшүүдө.