USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Нарын облусунда тоо текелердин үйүрү жана илбирс видеого тартылды

10:05, 30 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Нарын облусунун өрөөндөрүнүн биринде жүргүзгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тоо текелердин үйүрүн жана сейрек кездешүүчү илбирсти жакын аралыктан видеого тартып алышты.

Рейд учурунда тартылган кадрлар Нарын аймагынын жаратылышынын кайталангыс сулуулугун жана байлыгын көрсөтүп, ошондой эле тоолуу аймактарда жапайы айбанаттар өзүнүн табигый чөйрөсүндө байырлап жатканын далилдейт.

 

Тоо текелердин үйүрүнүн жана илбирстин табигый байырлаган чөйрөсүндө эркин эркин жүрүшү — аймактын табигый экосистемасынын туруктуулугу сакталып жаткандыгынын жана жапайы айбанаттардын байырлоосу үчүн ыңгайлуу шарттар бар экенинин маанилүү далилдеринин бири. Министрлик жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы айбанаттардын байырлаган чөйрөсүн коргоо боюнча системалуу иштерди улантат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18