«Кыргыз-Ата» улуттук паркында жерди пайдалануудагы мыйзам бузуулар аныкталды
Жер жана суу көзөмөлү боюнча кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы Ноокат районундагы «Кыргыз-Ата» мамлекеттик улуттук табий паркынын аймагында текшерүү жүргүздү.
Текшерүү парк администрациясынын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө жергиликтүү төрт тургун жер тилкелерин уруксат кагаздары жок, келишимдердин мөөнөтү аяктагандан кийин же өздөрүнө бөлүнүп берилген аймактардан тышкары пайдаланып келишкени аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү актылар түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 237, 239 жана 241-беренелеринин негизинде мыйзам бузуучуларга жалпы суммасы 34 миң сом айып пул салынды.
Мындан сырткары, Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 25 токтомуна ылайык, мыйзам бузуучуларга кыртыш катмарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу талаптары коюлду. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 127 миң 314 сомду түздү.