USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстан 5 жылга чейин киберкылмыштуулук менен күрөшүү боюнча милдеттенме алды

09:17, 30 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан санариптик доордо кылмыш иштери боюнча кызматташууну чыңдоону жана БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясын ишке ашырууга көмөктөшүүнү караган Pledge4Justice эл аралык демилгесинин алкагында 2031-жылга чейин киберкылмыштуулук менен күрөшүү боюнча милдеттенме алды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Чечим Абу-Дабиде өткөн Кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыш-жаза сот өндүрүшү боюнча БУУнун 15-Конгрессинде кабыл алынды.

Кыргыз Республикасы кылмыш иштери боюнча компетенттүү мамлекеттик органдардын ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүү каналдарын өнүктүрүүнү жана санариптик чөйрөдө эл аралык кызматташууну чыңдоону көздөйт.

Биздин делегация кылмыш-жаза сот өндүрүшү тармагындагы артыкчылыктуу багыттарды, анын ичинде санариптештирүүнү, пробацияны өнүктүрүүнү жана эл аралык кызматташууну чыңдоону сунуштады.

Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов БАЭнин Юстиция министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөнү белгиленет. Тараптар экстрадициялоону, кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүүнү, соттолгондорду өткөрүп берүүнү жана эки өлкөнүн борбордук органдарынын ортосундагы андан аркы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18