ӨКМ адистери Өзгөн районундагы кооптуу тилкелерди текшерүүдө
ӨКМ адистери Өзгөн районундагы кооптуу тилкелерде текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана баамдоо департаменти сел өтүүчү нуктарды, дарыялардын эрозияга учураган жээк тилкелерин, калктуу конуштарга жана инфраструктуралык объекттерге коркунуч туудурушу мүмкүн болгон аймактарды, ошондой эле башка потенциалдуу кооптуу объекттерди текшерүүгө киришти.
Жыйынтыгында эксперттер алдын алуу жана коргоо иш-чараларын өткөрүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгышат.
Жеринен изилдөө иштери башка аймактарда да жүргүзүлүүдө.


