USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте белгилүү дүйнө жылдызы Шакира концерт коёт. Билеттер канча турат?

08:05, 30 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

18-октябрда дүйнөгө белгилүү ырчы Шакира Las Mujeres Ya No Lloran World Tour деп аталган дүйнөлүк турунун алкагында Бишкекте концерт коет. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Концерт «Бишкек Аренада» өтөт. Бул Шакиранын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болмокчу.

Концертке билеттерди сатуу 1-октябрда саат 09:00дө башталат. «Бишкек Арена» стадионундагы Шакиранын концертинин уюштуруучулары билеттердин баасы тууралуу маалымат беришти.

Алардын маалыматы боюнча, сахна чыгыш трибунасында жайгашат. Сахнанын артындагы трибуналар көрүүчүлөр үчүн жабык болот. Зоналардын жана секторлордун толук жайгашуусу концерттин маалымат баракчасындагы аренанын схемасында көрсөтүлөт.

Көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген орундарга билеттер 12 миң сом турат. Алар сахнанын каптал тарабында жайгашкандыктан, сахнанын бир бөлүгү көрүнбөй калышы мүмкүн;

  • Жогорку ярустардагы орундар 13 миң 500 сом;
  • Экинчи жана үчүнчү ярустардагы, сахнадан алыста жайгашкан орундар — 22 миң сом;
  • Фан-зоналардын артындагы негизги бий партери — 27 миң сом;
  • Сахнага карама-каршы жайгашкан батыш трибунасындагы орундар — 28 миң сом;
  • Компаниялар же корпоративдик топтор үчүн 15–20 кишиге ылайыкталган айрым ложалар — 30 миң сом;
  • Батыш бөлүктүн төмөнкү ярусундагы жана аренанын бурчтук тилкелериндеги, ошондой эле үчүнчү ярустун борборундагы орундар — 34 миң сом;
  • Капталдагы трибуналардын төмөнкү ярусундагы сахнага эң жакын отура турган орундар жана түз эле сахнанын алдындагы тик тура турган орундар — 40 миң сом.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, премиум категориясындагы VIP-билеттер чектелген санда кийинчерээк сатууга чыгат. Алардын баасы негизги категориялардан жогору болот. Баасы жана сатып алуу шарттары кошумча жарыяланат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18