Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди 3- 4-октябрда кошумча каттамдарга чыгат
Коомчулуктун жана жүргүнчүлөрдүн кайрылууларын эске алуу менен «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы 3- 4-октябрда Бишкек — Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поездинин кошумча каттамдарын уюштурат.
Жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү жана бул багыт боюнча транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында поезд белгиленген графикке ылайык каттайт.
Жолдогу убакыт жана жол акысы өзгөрүүсүз кала турганы белгиленет. Каттамдар мурда белгиленген расписание боюнча ишке ашырылат.