Бишкекте автобус, тез жардам жана жеңил унаа менен кагылышты
Бишкекте автобус, тез жардам унаасы жана жеңил автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы орун алды.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, кырсык Чүй проспектиси менен Иманалы Айдарбеков (Молодая Гвардия) көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Окуя болгон жерден тартылган кадрлардан автобустун жеңил унаанын аркасын сүзүп, ал эми жеңил унаа андан ары тез жардам машинасына барып урунганын көрүүгө болот. Жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча жок.