USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Орусияда Мамлекеттик Думаны кайрадан Вячеслав Володин жетектеди

14:15, 29 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Орусияда Мамлекеттик Думаны кайрадан Вячеслав Володин жетектеди. Мамдумага өткөн бардык партиялардын жетекчилери РФ парламентинин төмөнкү палатасынын спикерлигине анын талапкерлигин колдошту. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Путиндин фракция башчылары менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Орусияда Мамлекеттик Думаны кайрадан Вячеслав Володин жетектеди

«Мен кийинки чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын төрагалык кызматы Володин Вячеслав Викторовичтин талапкерлигин көрсөтүү демилгесин толугу менен колдойм», — деди Владимир Путин.

Вячеслав Володин жооп ирети мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди: «Биздин орусиялык демократиянын өнүгүшүнө шарт түзүп жатканыңыз үчүн сизге ыраазычылык сөздөрүмдү айткым келет. Салыштыра турган нерсе бар. Анткени, Европа тууралуу айтканыбызда, бизде эркиндик да, тандоо мүмкүнчүлүктөрү да алда канча көп экендиги айдан ачык».

Эскерте кетсек, Мамдума депутаттарын үч күндүк шайлоо 18-сентябрдан 20-сентябрга чейин өттү. Анда күтүлгөндөй эле «Единая Россия» жеңишке жетти. Андан кийин КПРФ, ЛДПР, «Новые люди» жана «Справедливая Россия» турат.«Яблоко» саясий уюму парламентке талапкерлигин коюу укугунан ажыратылган

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18