Азия оюндары-2026: Кыргызстандык балбан Кубанычбек Айбек уулу коло медаль утту
13:36, 29 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык Кубанычбек Айбек уулу бүгүн Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында кураш боюнча мелдеште коло медалга ээ болду.
Биринчи беттешинде биздин спортчу Ооганстандын өкүлү Чекмар Меражуддинди 3:0 эсебинде жеңсе, чейрек финалда Түштүк Кореянын өкүлү Юн Хуенсонду 10:0 эсебинде утуп алды.
Жарым финалдык кармашта Кубанычбек Айбек уулу Иран өкүлү Вахид Бариманлоуго 0:3 эсебинде уттуруп коюп, үчүнчү орунду ээледи.