Кыргызстандагы ымыркайлардын өлүмү: Жети айда 976 бала чарчап калды
Үстүбүздөгү жылдын январь — июль айларында Кыргызстанда бир жашка чейинки 976 бала чарчап калды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчётунда айтылат.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде каза болгон ымыркайлардын саны 923тү түзгөн.
Көрсөтүлгөн мезгилде өлүмгө алып келген негизги себептер:
- перинаталдык мезгилде пайда болгон абалдар — 664 бала (чарчап калган балдардын жалпы санынын 68 пайызы);
- тубаса өрчүп-өсүү кемтиктери — 161 ымыркай (16 пайыз);
- дем алуу органдарынын оорулары — 86 бала (9 пайыз).
Белгилей кетсек, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу маселеси Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы коллегияларынын биринде көтөрүлгөн.
Мурдараак ведомство 2030-жылга чейин перинаталдык кызматты реформалоону анонстогон. Негизги артыкчылыктуу багыттардын катарында төмөнкүлөр бар:
- кош бойлууларды мониторингдөө жана пациенттердин маршрутизациялоо тутумун өркүндөтүү;
- медициналык жардамдын сапатына басым жасоо менен антенаталдык байкоо жүргүзүү стандарттарын кайра кароо;
- пренаталдык скринингдин заманбап технологияларын киргизүү;
- генетикалык лаборатория түзүү;
- үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча иштерди өнүктүрүү.