«АБанк» ААК Бишкек шаарында ислам банкинги боюнча филиалын ачып, исламдык каржылоо принциптерине ылайык келген финансылык кызматтарга кызыктар кардарлар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтти.
«АБанкта» исламдык каржылоону өнүктүрүү 2022-жылы башталган. Ошол жылы банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан «Ислам терезеси» аркылуу операцияларды жүргүзүүгө лицензия алган. 2023-жылы банк кардарларга ислам принциптерине ылайык каржылоо кызматтарын көрсөтө баштап, бул багыттагы продукттардын түрлөрүн жана адистик тажрыйбасын кеңейтүүнү уланткан.
Бүгүнкү күндө исламдык каржылоо Кыргызстандын банк рыногун өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бирине айланууда. «АБанкта» кардарлардын тиешелүү финансылык продукттарга болгон кызыгуусунун туруктуу өсүшү байкалууда.
Муну ислам принциптерине ылайык каржылоо портфелинин динамикасы да тастыктайт. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү 228 миллион сомду түзсө, 2024-жылдын жыйынтыгында 1,6 миллиард сомго жеткен. Ал эми 2025-жылдын аягына карата 4,8 миллиард сомго чейин өскөн. Бүгүнкү күндө каржылоо портфелинин көлөмү 7,6 миллиард сомго жетти.
Мудараба депозиттеринин портфели да оң динамиканы көрсөтүүдө: 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү 777 миллион сомду түзгөн болсо, бүгүнкү күндө 1,1 миллиард сомго жетти.
Банктын ислам багыты AIslamic бренди алдында өнүгүүдө, ал эми толук кандуу филиалдын ачылышы анын өнүгүүсүндөгү кийинки этап болуп калды. Ошол эле учурда ислам банкинги боюнча кызматтар «АБанктын» бардык филиалдарында кардарларга жеткиликтүү.
Жаңы филиал кардарларды комплекстүү тейлөө үчүн өз алдынча аянтча катары түзүлдү. Кардарлар керектүү кызматтардын баарын бир жерден алып, салттуу банктык тейлөө бөлүмдөрүнө кайрылуунун зарылдыгы жок.
AIslamic филиалы төмөнкү даректе жайгашкан: Бишкек шаары, Панфилов көчөсү, 164/1.
AIslamic филиалында Мурабаха жана Ижара принциптерине ылайык каржылоо, эсептешүү-кассалык тейлөө, Мудараба депозиттери, акча которуулар, төлөм карталары, эквайринг жана исламдык каржылоо принциптерине ылайык келген финансылык инструменттер боюнча консультациялык кызматтар жеткиликтүү.
«АБанк» ошондой эле улуттук «Элкарт» жана эл аралык Visa төлөм системаларынын негизинде исламдык төлөм карталарын сунуштайт. Алар күнүмдүк эсептешүүлөрдө заманбап төлөм инструменттерин колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
Филиал өзгөчө ишкерлерге жана чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө, ошондой эле соода, өндүрүш, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба тармактарындагы компанияларга көңүл бурат. Биринчи этапта негизги басым Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кардарларына жасалат.
Филиалдын ачылышы «АБанктын» 2026—2028-жылдарга карата бизнес-планын ишке ашыруунун бир бөлүгү болуп саналат. Бизнес-план исламдык каржылоону мындан ары да өнүктүрүүнү карайт. Банктын пландарында Бишкек, Ош жана Кыргызстандын башка негизги калктуу конуштарында AIslamic инфраструктурасын кеңейтүү каралган.
«АБанк» үчүн исламдык каржылоону өнүктүрүү — бул продукттардын түрлөрүн кеңейтүү менен гана чектелбестен, адистештирилген инфраструктураны түзүү, кесиптик экспертизаны өнүктүрүү жана кардарлар үчүн финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
«АБанк» ААК заманбап финансылык чечимдерди өнүктүрүүнү улантып, исламдык каржылоо принциптерине ылайык келген инструменттерди тандаган кардарларга ыңгайлуу жана сапаттуу тейлөө көрсөтүү үчүн шарттарды түзүүдө.
Лицензия КР УБ 048.