Кыргызстанда 2027-жылы IV КМШ өлкөлөрүнүн Оюндары өтөт
2027-жылы IV КМШ өлкөлөрүнүн Оюндары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Алмата шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешинин жыйынында белгилүү болду.
Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын жана КМШ Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.
Отурумдун жыйынтыгында 2027-жылы IV КМШ өлкөлөрүнүн оюндарын Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынды.
Ошондой эле Кеңеш Бишкек шаарына 2027-жылы «Шериктештиктин спорттук борбору» ардактуу статусун берүү демилгесин бир добуштан колдоду.
Мындан тышкары, аталган жылы Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешке төрагалык кылуу укугу Кыргызстанга өтөт.


