2026-жылдын 5-октябрында «Учур» жаштар театры жаңы чыгармачылык сезонун ачат.
Сезондун ачылышында көрүүчүлөргө орус драматургу В. Л. Гуркиндин «Сүйүү жана көгүчкөндөр» пьесасынын негизинде сахналаштырылган «Чиркин өмүр» комедиясы тартууланат.
Спектаклде үй-бүлөлүк мамилелер, сүйүү, ишеним жана адамдык баалуулуктар юмор аркылуу баяндалып, үй-бүлөлүк ынтымактын жана чыныгы сүйүүнүн мааниси чагылдырылат.
Сезондун ачылышы Бишкек шаарындагы Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында (Абдрахманов көчөсү, 230) өтөт.
Жаңы сезондо «Учур» жаштар театры көрүүчүлөргө жаңы спектаклдерди тартуулап, чыгармачылык ишмердүүлүгүн улантат.



