USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Ак шумкарлар» жолдоштук беттеште Мальдив аралдарын 5:0 эсебинде жеңди

07:45, 29 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Мальдив аралдарынын курамасы менен жолдоштук беттеште 5:0 эсебинде жеңди.

Эсепти 11-мүнөттө Эрбол Атабаев ачты. Арадан тогуз мүнөт өткөн соң, 20-мүнөттө Сироджиддин Астанакулов Кыргызстандын артыкчылыгын эки голго жеткирди.

23-мүнөттө Эрбол Атабаев дагы бир жолу гол киргизип, дубль жасады. Андан кийин 32-мүнөттө Валерий Мурзаков эсепти 4:0гө жеткирсе, биринчи таймдын соңуна аз калганда, 42-мүнөттө Жоэл Кожо Кыргызстандын бешинчи голун киргизди.

Ал эми экинчи таймда эки команданын дарбазасына тең гол кирген жок. Ошентип, Кыргызстан — Мальдив аралдары 5:0 болуп аяктады.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын кийинки жолдоштук беттеши 4-октябрда өтүп, улуттук курама Бишкекте Ливан менен ойнойт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18