Кыргыз Эл артисти, белгилүү диктор Тамара Жаманбаева чын дүйнө салды
Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн туңгуч дикторлорунун бири, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Тамара Жаманбаева 83 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан тастыкташты.

Тамара Жаманбаева 1943-жылы 14-майда Нарын шаарында туулган. 1959-жылы медициналык окуу жайды, 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетин журналистика багыты боюнча аяктаган.
Ал 16 жашында Кыргыз телевидениесине дикторлук кызматка кабыл алынган. Кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиокомитетинин вице-президенти, «Замана», «Ибарат» студияларынын башкы редактору, Ош облустук телерадиокомитетинин төрайымы сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалап, телерадионун өсүп-өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон.
Тамара Жаманбаева эл алдына ак кызматы менен таанылып, дикторлукта өзүнүн мектебин түзө алды. Анын эмгеги жогору бааланып СССРдин жана Кыргызстандын телерадиосунун мыкты кызматкери, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, КР «Даңк» медалы менен сыйланып, КР Эл артисти наамына татыган.
24.kg басылмасы Тамара Жаманбаеванын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
