Тажикстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер болду
Тажикстан тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2028—2029-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин билдирди.
Ал Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясындагы жалпы саясий дискуссиянын жүрүшүндө Тажикстан БУУнун Коопсуздук кеңешине 2028-жылдан 2029-жылга чейинки мезгилге талапкерлигин койгонун айтты.

Ошондой эле бүткүл дүйнөлүк уюмду чыңдоо үчүн жогорку жоопкерчилик керектигин жана Душанбе аны өзүнө алууга даяр экенин баса белгиледи.
Буга чейин Өзбекстан да БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2035—2036-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин көрсөткөн.
Эскерте кетсек, Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланган. Республика бүткүл дүйнөлүк уюмдун башкы органдарынын биринин курамына 2027—2028-жылдары кирет. Добуш берүү июнь айында БУУнун Генералдык Ассамблеясынын Нью-Йорктогу жыйынында өткөн. Кыргызстандын талапкерлиги үчүн 142 мамлекет добуш берди. Кеңештеги орун үчүн атаандашкан Филиппин 49 добуш алган. Шайлоо оңой болгон жок. Жеңүүчү добуш берүүнүн төртүнчү айлампасынан кийин гана аныкталды. Биринчи раунддарда Кыргызстан да, Филиппин да Генералдык Ассамблеянын зарыл болгон добуштарынын үчтөн экисин жыйнай алышкан эмес. Кыргызстандын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2027-жылдын 1-январында башталып, 2028-жылдын 31-декабрында аяктайт. Республика Коопсуздук Кеңешинде учурда Пакистан ээлеп турган орунга отурат.