Кыргызстанда 52 миңден ашык адам психиатриялык каттоодо турат
Кыргызстанда 2026-жылдын маалыматы боюнча, 52 миңден ашык адам психиатриялык каттоодо турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев билдирди.
Анын айтымында, учурда республикада болгону 138 психиатр бар.
«Кыргызстанда ооруканаларда 1 миң 475 орун-койко бар. Кадрлардын жетишсиздиги жана иштеп жаткан дарыгерлердин чоң жүгүн азайтуу актуалдуу маселе бойдон калууда», — деп белгиледи Нурбек Букуев.
Ал ошондой эле 2030-жылга чейин психиатрия багыты боюнча программа иштелип чыкканын, анын алкагында психиатрия тармагындагы кырдаалды жакшыртуу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Депутаттардын жалпы оорулуулардын ичинен канчасы 18 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр деген суроосуна министрдин орун басары жооп бере алган жок.
Депутат Эльвира Сурабалдиева акыркы учурда психикалык жактан жабыркаган адамдардын катышуусунда бир топ окуялар болуп жатканын белгиледи. Анын пикиринде, мындай адамдардын реестрин түзүү зарыл.