USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Садыр Жапаров TİKA`нын президенти Абдуллах Эрен менен жолугушту

14:30, 28 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) президенти Абдуллах Эренди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Жолугушууда TİKA менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү маселелери жана социалдык-экономикалык, гуманитардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды.

Садыр Жапаров TİKA`нын президенти Абдуллах Эрен менен жолугушту

Президент негизги багыттарды, анын ичинде саламаттык сактоо, айыл чарба лабораториялык инфраструктурасын модернизациялоо, кесиптик-техникалык билим берүү жана «жашыл» энергетика тармагында адистерди даярдоо маселелерин белгиледи.

Өлкөнүн алыскы жана бийик тоолуу райондорунда долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде чакан гидроэнергетика, медициналык инфраструктура жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл буруу сунушталды.

Өз кезегинде TİKA`нын президенти Абдуллах Эрен президент Садыр Жапаровго Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жылуу саламын жеткирип, Кыргызстандын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн оң динамикасына токтолду.

TİKA`нын президенти агенттиктин Кыргызстанда жакынкы мезгилде ишке ашыра турган пландары тууралуу айтып берди. Анын ичинде, жаңы долбоорлорду жана айрым демилгелерди камтыган бир катар иш-чараларды өткөрүү мерчемделүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18