Минск шаарына коюлуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелине сынак жарыяланды
Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизинде скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна ачык сынак жарыяланды. Сынакты Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги өткөрөт.
Маалыматка ылайык, сынакка кесипкөй скульпторлор, архитекторлор жана чыгармачыл жамааттар катыша алат. Жеңүүчү долбоор Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка орнотуу үчүн сунушталат.
Долбоорлор идеялык мазмуну, көркөмдүк сапаты, оригиналдуулугу, сейил бактын мейкиндигине шайкештиги жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү боюнча бааланат.
Документтер 29-сентябрдан 29-октябрга чейин Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси, 112 дарегинде кабыл алынат.
Сынактын байге фонду 450 миң сомду түзөт:
- I орунга — 200 миң,
- II орунга — 150 миң,
- III орунга — 100 миң сом
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен 2018-жылы Минск шаарындагы сейил бакка жазуучунун ысымы ыйгарылган.
Сейил бактын жалпы аянты 19,6 гектарды, анын ичинен суу аянты 2,7 гектарды түзөт. Ал Минск шаарынын Завод жана Ленин райондорунун чектеш аймагында жайгашкан жана Слепян суу системасынын бир бөлүгү болуп саналат.
2018-жылдын 26-ноябрында сейил бакта беларусь скульптору Алесь Шатило тарабынан жасалган Чыңгыз Айтматовго арналган эстелик белги расмий ачылган.