USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Айтматов районунда автобаза мамлекетке кайтарылды

13:05, 28 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Айтматов районунда 94 миллион сомдук автобаза мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Райондук прокуратура тарабынан мамлекеттик менчик жаатындагы мыйзамдардын сакталышына текшерүү жүргүзүлгөн. Анда 2005-жылы мамлекеттик автобаза жайгашкан 4,7 гектар жер тилкеси сатып алуу-сатуу келишимдеринин негизинде мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылып, пайдаланылып келгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 94 млн сомду түзгөн автобаза жайгашкан 4,7 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18