Чүйдө эс алуучулар тоо текелердин күч сынашканын видеого тартып алышты
Чүй облусунун тоолуу аймактарынын биринде эс алуучулар эки тоо текенин күч сынашкан учурун видеого тартып алышты.
Күбөлөр тарткан видеодо эки эркек тоо текенин бири-бири менен сүзүшүп, күч сынашканы, ал эми алардын айланасында башка тоо текелер менен эчкилер топтолуп турганы көрүнөт.
Адистердин маалыматына ылайык, мындай көрүнүш тоо текелеринин табигый жүрүм-турумунун бири. Айрыкча көбөйүү мезгилинде эркек текелердин ортосунда үстөмдүк үчүн атаандаштык күчөшү мүмкүн.
