USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Пайдалуу кеңеш: Күзүндө эмне үчүн баш оору күчөй турганы айтылды

12:05, 28 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Күздөгү бат-бат кайталанган баш оорулар аба ырайына болгон реакция гана эмес, мигрень оорусуна жакын адамдарда кан тамыр козгогучтарынын кесепети да болушу мүмкүн. Бул тууралуу «Газете.Ru» басылмасына дарыгер-невролог, психиатр, медицина илимдеринин кандидаты Татьяна Виноградова билдирди.

Адистин айтымында, күздөгү айлана-чөйрөнүн өзгөрүшү кан тамырлардын тонусун өзгөртүүгө мажбур кылат. Мындан сырткары, алар мигрень оорусуна тукум куучулук жакындыгы бар адамдарда нейрогендик сезгенүүнү козгошу мүмкүн. Мындай процесс желкеде же көз айланасында жарылуу жана басым сезими менен коштолот, деп тактады Виноградова.

Күндүн кыскарышы серотониндин бөлүнүп чыгышын азайтып, мелатониндин циркаддык бөлүнүүсүн бузат.Ушундан улам уйку үзгүлтүктүү жана үстүртөн болуп калат, — деп улантты эксперт. Жумуш ыргагына кайтуу кортизолдун деңгээлин жогорулатып, далы-моюн булчуңдарынын спазмын чакырат, ал эми сезондук инфекциялар менен синуситтер экинчи даражадагы баш ооруну козгошу мүмкүн.

Виноградованын айтымында, көпчүлүк учурда сезондук ыңгайсыздыктарды көзөмөлдөөгө болот, бирок оорунун мүнөзүнүн кескин өзгөрүшү кан тамыр катастрофасын билдириши мүмкүн. Шашылыш белгилерге: беттин кыйшаюусу, кол-аяктын бошошу же уюшу, сүйлөөнүн бузулушу, аң-сезимдин тумандашы, көздүн кош көрүнүшү, көрүүнүн же угуунун начарлашы жана координациянын жоголушу кирет.

Алдын алуу үчүн адис уйку тартибин, суу ичүү режимин сактоону, моюн жана далы үчүн көнүгүүлөрдү жасоону, абаны нымдап турууну жана баш оорунун күндөлүгүн жүргүзүүнү сунуштайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18