Кыргызстанда 10 күндүн ичинде мас абалындагы 400гө жакын айдоочу аныкталды
11:35, 28 сентября 2026, Бишкек - 24.kg
14-сентябрдан 24-сентябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, өлкө аймагында 38 531 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 5 691;
- мас абалында унаа башкаруу — 395;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 449;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 913;
- унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 6 034;
- авто ээнбаштык — 39;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 1 572;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 9;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 19 012;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 417 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.