USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Султан Раев сынга карабай «Жусуп» тасмасын мектеп окуучуларга көрсөтүүгө чакырды

11:15, 28 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

«Жусуп» тасмасын мектеп окуучуларына, студенттерге жана калың журтка көрсөтүү керек. Бул тууралуу жазуучу жана драматург Султан Facebook баракчасында бөлүштү.

Аны толугу менен сунуштайбыз:

«Жусуп» жана диллема...

Тарыхый көркөм фильм жаратууда билинбеген консерватизим бар. Өзгөчө совет бийлигинин башында турган төбөлдөрдүн образы бир караганда бир кылка рамканын алкагында тургандай сезилет. Тарыхый хронология бу фикция, ал эми тарыхка эстетиканын мыйзамынан карай турган болсок, арийне ал көркөм синтез.

Акыркы жылдары улут кинематографында «муз эрип», оболу кыялда гана жашаган тарыхый инсандар көркөм фокустун чордонуна айланып жатышы, кече аты-затын айтуудан абкарып турсак, бүгүн ал темалар көркөм ой-жүгүртүүнүн эпицентрине айланып турат. Улут киносу — улут лидерлеринин образын жаратууга канатын жайып киришип жатканы, элдин тили менен айтканда жакшы, ал эми саясий фокуста бу аракеттер эгемендүүлүктүн карлыгачы эмей эмне?! Биз тарыхты келечек муунга өткөрүп берүүдөн оболу, алардын журөгүн «тыз» дедире турган көркөм туунду портретин түзө билүү, эң оболу биздин көркөм даярдыгыбыздын барометринен кабар берет. Биз бу ыйык теманын дарбазасын ачып салгандан эмес, биз көрөрмандын эстет дүйнөсүн канчалык ача билдик кеп одулу шунда.

«Жусуп» фильминин алкагындагы обьективдуү жана субьективдүү ойлор кагылышынын жаралышы турган кеп. Бу процесс.

«Жусуптун» айланасындагы үч олуттуу маселеге сөз башын бургум келет:

1. Мамлекет киного каражат бере баштады. Бу фундаменталдуу маселе. Мамлекет бир гана «Жусуптун» образын жаратууга гана эмес, өзүнүн эгемендүүлүгүн сыйлоого, урматтого кызыкдар экендигин демонстрациялап туру. Бу мамлекеттүулүктун уңгу башаты. Бир чети. Экинчи чети, ал бу кадамы менен улуттук кинонун мындай масштабтуу, мамлекеттик деңгээлдеги теманы кыргыз киночулары жарата алабы деп «баш терисин» детекторго салып турган кербези. Мамлекет даяр, улут киночулары даярбы? Бу суроого эки-үч киночудан гана даярбыз деген жоопту эмес, буга киночумун дегендин баары «даярбыз» деген хордо кокоюп турат. Бу баягы финансы болсо, романс даяр деген эле кокуй күн го!

Бу багытта улут киносуна өлкө башчыбыз С.Н. Жапаровдун " коргол бербес казынанын капкагын" (!) ачып бергени анын берешендиги эмес, эң оболу улут кино ишмерлерине болгон Ишеними. Аны «Жусуп» картинасы актай алдыбы?

2. Кинонун «рентген эффекти» бар. Ал киного катышкан жаратуучулардын узун тизмесинин ал-дареметин ачыкка жайып салат. Бу кино эмнени көрсөттү? Режиссердун масштабын,автордун дареметин, актердук мектебиздин жоголгонун, ал гана экинчи состав деген түшүнүктүн өзү тээ «кайнозой эрасында» калганын ачыктап салды. Балким, «Жусуптун» айрым деталдык алашемдиктери ошондонбу деген ойго түртөт. Миң жүз келип, бир жүзгө тең келе албайт дээй алсак, кайран Чокморовдун жузүнө ностальгия бар.

3. Тарыхый чындык — көркөм синтез.

Албетте, биз көркөм эстетиканын тутумунан көркөм туундууга назар таштайбыз. Эгер бу принципти тутунсак, айрым бир тарыхый деталдар көркөм картинанын «жетинчи кабыргасы» болуп калышы ыктымаал. Арийне, улуттук лидердин образы ар бир инсандын кабылдоосунда өз-өзүнчө бар десек, эң оболу ар бир көрөрман бу фильмден өзунүн Жусупбун издейт, арийне анын образы ой түйүнүбуздө ар башкача жашап калган. Бу кинону көргөндөрдүн көпчүлүгү өз Жусупбун көрүүнү эстеди, бирок, көркөм картинада «көркөм типизация» деген түшунүк бар, андан «тарыхый кальканы» издөө кыйын.

Тарыхый картиналарга кандай талаптар коюлат?

-эң оболу авторлор тарыхый тактыкка, чындыкка негизденип, терең драматургияга жана доордун образын жараткан, б.а. фонун, атмосферасын чагылдыруусу шарт.

Ошол учурда тарыхый фильмдин негизги критерйи — бу тарыхый акыйкаттуулук. Албетте, мунун баары көркөм кинодо — көркөм призманын алкагында жаралат.

Тарыхый фильм — тарых консультанттарына да өзгөчө маани берет. «Жусуп» фильминде тарыхый консультанттар да айрым учурларда тарыхый «ляпсустарды» кетирген жерлери ачык байкалат. Ал эми хронологиялык тактык фильмдин негизги өзөктүу маселеси. Анткени менен дүйнөлүк кино практикада, шедевр картиналарда бу моменттер «сознательно» сакталбай калган учурлар да бар! «Жусуп» картинасына ушундай талаптарды койгондордун да пикирин уктук.

Тарыхый антураж — бу тарыхый чындыктын картинасын жараткан негизги моменттер! Тарыхый локация, имараттар, эски декорлор, атмосфераны азыркы Бишкектен сыйпаласаң да таппайсың. Анын кесепети тарыхый- архитектуралык эстеликтерге болгон мамилебиздин «жемиши».

Акырында айтаарыбыз, фильм барбы? Арийне бар, ал буга чейин айтылган сын-пикирлердин жөндүү айтылганы менен бар!

Демек, бу картина улут киносундагы тарыхый эстутумдун, тарыхый чындык менен акыйкаттуулугуна болгон алгачкы арым деп билебиз.

Фильмди социализациялоо керек, мектеп окуучусунан тартып, студенттерге чейин, бардык коомдук катмарга көрсөтуү зарыл! Ушул турушунда. Ал жакшы кабыл алынса, тарыхый эстутумдун жаңы барагын ачат, ал начар кабыл алынса сынчыл ой-жүгүртүүгө мотивация берет!

Жыйынтыгында эки жагдайда тең фильм упай алары шексиз!..

Акырында кино жаратуучуларды дагы бир жолу бешенесинен сылап коюуга негиз бар...

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18