USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандын аскерлери Орусиядагы ЖККУнун машыгууларына катышууда

10:32, 28 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Россиядагы «Чебаркуль» полигонунда ЖККУнун «Өз ара аракеттенүү-2026» командалык-штабдык машыгуусу, ошондой эле «Издөө-2026» жана «Эшелон-2026» атайын машыгуулары башталды.

Машыгууларга Кыргызстан, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын аскердик контингенттери катышууда.

«Өз ара аракеттенүү-2026» чек арадагы куралдуу жаңжалды локализациялоо боюнча биргелешкен операцияны даярдоого жана өткөрүүгө багытталган. «Издөө-2026» машыгуусунда чалгындоо милдеттери, ал эми «Эшелон-2026» машыгуусунда материалдык-техникалык камсыздоо маселелери иштелип чыгат.

Жалпысынан машыгууларга 2 миңге чукул аскер кызматкери жана 350 бирдик курал-жарак менен техника тартылган. Уюштуруучулар өзгөчөлүктөрдүн бири катары учкучсуз учуучу аппараттарды жана робототехникалык комплекстерди кеңири колдонууну, ошондой эле атайын аскердик операцияны өткөрүү тажрыйбасын эске алуу менен аскерлердин аракеттерин иштеп чыгууну белгилешет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18