USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектеги жол кырсыгынан электр велосипединин жүргүнчүсү каза болду

10:16, 28 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Жол кырсыгы 27-сентябрда түнкү саат 0:30 чамасында Тоголок Молдо жана Фере көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

ИИМдин кайгуул кайтаруу кызматы башкармалыгынын алдын ала маалыматы боюнча, 1990-жылы туулган айдоочу Mazda 323 автоунаасы менен Тоголок Молдо көчөсү аркылуу түндүктү көздөй бара жатып, № 273а үйүнүн жанынан өзү менен бир багытта бараткан электр велосипедин сүзүп кеткен.

Электр велосипединин 2008-жылы туулган жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза тапкан. Ал эми 2009-жылы туулган айдоочусу ар кандай жаракаттар менен № 4 Шардык клиникалык ооруканага жеткирилген.

Mazda автоунаасынын айдоочусу кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мас абалында болгон болушу мүмкүн. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 5-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын чоо-жайы аныкталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18