USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстан футзал боюнча 2028-жылдагы Азия Кубогун өткөрүүгө билдирме тапшырды

09:25, 28 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан 2028-жылы футзал боюнча Азия Кубогун өткөрүүнү пландап жатат. Кыргыз футбол биримдиги Азия футбол конфедерациясына тиешелүү билдирмесин жөнөттү. Бул тууралуу футбол биримдигинин басма сөз кызматы билдирди.

Футзал боюнча Азия Кубогу континентагы эң ири турнирлердин бири болуп саналат. Мелдешке 16 улуттук курама команда катышат.

КФБ турнирдин комплекстүү концепциясын сунуштады. Анда спорттук объекттер, машыгуу имараттары, мейманкана инфраструктурасы, ошондой эле транспорттук жана логистикалык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат камтылган.

Азия футбол конфедерациясынын өкүлдөрү 30-сентябрдан 2-октябрга чейин инспекциялык сапар менен келүүнү пландап жатышат, деп айтылат билдирүүдө.

Кубок кайсы өлкөдө өтөрүн тандоо чечими сунушталган материалдарды изилдеп чыккандан кийин конфедерация тарабынан кийинчерээк кабыл алынат.

Кыргызстан буга чейин футзал боюнча Азия Кубогунун тандоо оюндары үч жолу кабыл алган.

Азия футбол конфедерациясынын (АФК) футзал жана пляж футболу боюнча комитети буга чейин Азия Кубогунун даталарын бекиткен: финалдык этап 2028-жылдын 25-январынан 5-февралына чейин өтөт. Ал эми тандоо оюндары 2027-жылдын 7-сентябрынан 15-сентябрына чейин пландаштырылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18