Ай соңунда бишкектиктерди эмне күтөт? 28—30-сентябрга карата аба ырайы
08:43, 28 сентября 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкекте апта башында жаан-чычын күтүлбөйт. Синоптиктер ушундай алдын ала божомол беришүүдө.
28—29-сентябрда күн өзгөрүлүп турат, булут каптайт. Түнү температура +10 градус болушу күтүлөт. Күндүз термометр көрсөткүчү +25 градуска чейин көтөрүлөт.
30-сентябрда аба ырайы олуттуу өзгөрбөйт. Түнү мурдагыдай эле салкын — +10 градуска чейин, ал эми күндүз абанын табы +26 градуска чейин жылыйт.