Бүгүн Бишкекте Кыргызстан — Мальдив жолдоштук беттеши өтөт
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы сентябрь жана октябрь айларындагы ФИФАнын тартибине ылайык эки жолдоштук беттеш өткөрөт.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, жаңы башкы машыктыруучу Урмат Абдукаимов жетектеген команда бүгүн, 28-сентябрда саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Мальдив аралдарынын курамасы менен беттешет.
Ал эми 4-октябрда саат 20:00дө Кыргызстандын футболчулары Ливандын улуттук командасы менен ойнойт.
Беттештер Кыргызстандын 2027-жылдагы Азия кубогунун финалдык этабына даярдыгынын алкагында өтмөкчү.
Оюндарга билеттерди Ticketon платформасынан сатып алууга болот. Оюндар жүрүп жаткан учурда күйөрмандар үчүн көңүл ачуучу программа уюштурулуп, алардын арасында iPhone ойнотулат.