USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Жаш булбул» төкмө акындардын республикалык айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды

08:05, 28 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган 30 жашка чейинки жаш төкмө акындардын «Жаш булбул» аталышындагы республикалык айтышы аяктады. Бул тууралуу Манас театрынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Асман паркынын амфитеатрында өткөн айтышка тандоо турунан өткөн 12 жаш төкмө акын катышып, өз ара өнөр сынашты.

“Жаш булбул” төкмө акындардын республикалык айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Айтышта жаш акындар курч сөзү, тапкычтыгы жана төкмөлүк чеберчилиги менен айырмаланып, көрүүчүлөргө кызыктуу чыгармачылык таймаш тартуулашты.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • Баш байге — Ырыскелди Темирбеков
  • 1-орун — Алия Имерова
  • 2-орун — Мажит Жакыпов
  • 3-орун — Нурболот Темирали уулу

«Жаш булбул» республикалык айтышы жаш төкмө акындарды колдоо, алардын чыгармачылык дараметин арттыруу жана кыргыздын айтыш өнөрүн жаш муун арасында өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18