Жапаров: 2030-жылга чейин турак жайга муктаж ар бир үй-бүлө үй менен камсыздалат
Президент Садыр Жапаров Бишкекте курулган “Асман Резиденс-1” турак жай комплексинин салтанаттуу ачылыш аземине катышып, жыл аягына чейин өлкө боюнча 20 миңге чукул үй-бүлө өздүк турак жайга ээ болоорун билдирди.

Президент өз сөзүндө жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Өлкө башчысынын айтымында, азыркы учурда өлкө боюнча 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж, алардын ичинен 100 миңге жакын үй-бүлөнү 2026-2027-жылдары турак жай менен камсыз кылуу мерчемделүүдө.



