Арслан Койчиев Казакстандын вице-президенти Ерлан Карин менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Астана шаарында Казакстан Республикасынын Вице-президенти Ерлан Карин менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-казак мамилелерин мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жолугушууда кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы кылымдардан бери калыптанган тарыхый, маданий жана гуманитардык байланыштарды сактоо жана мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар өз ара колдоону жана конструктивдүү диалогду улантуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, эки боордош мамлекеттин ортосундагы коомдук жана гуманитардык байланыштарды мындан ары кеңейтүү боюнча пикир алмашты.

