ЖК депутаты мектеп рэкетинен улам эки окуучу каза болгонун билдирди
Жаңы окуу жылы башталгандан бери Кыргызстанда мектеп рэкети жана сабап салуудан улам эки окуучу каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова парламентте мектептердеги буллинг менен рэкеттин алдын алууга арналган тегерек столдо билдирди.

Аманованын айтымында, кысым көрсөтүү, куугунтуктоо жана кибербуллинг учурлары азайбай жатат. Ошондой эле ал Сузак жана Чаткал райондорундагы кайгылуу окуяларды эске салып, алдын алуунун натыйжалуу чараларын иштеп чыгууга чакырды.
Депутат мыйзамга «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканын кабарлады. Мисал катары ал Түштүк Кореяны келтирди. Ал жакта 2026-жылдан тарта университеттер абитуриенттерди кабыл алууда алардын мектептеги зомбулукка катыштыгы тууралуу маалыматтарды эске алууга милдеттендирилген.
Агартуу министрлигинин өкүлү Алтынбек Эркимбеков мектеп психологдорунун штаттарын киргизүү пландары тууралуу айтып берди. 100дөн 275ке чейин бала окуган мектептерде 0,25 штат, 276дан 550гө чейин — 0,5 штат, ал эми 551ден ашык окуучусу бар мектептерде бир толук штат каралат.
Талкууга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, мектеп директорлору, социалдык педагогдор, психологдор жана укук коргоочулар катышты. Алар окуучулардын коопсуздугу, алдын алуу иштери жана буллинг менен рэкет учурларына ыкчам чара көрүү зарылдыгы тууралуу сөз кылышты.