USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Борбор Азиядагы энергетикалык үзгүлтүк Бишкектин бир бөлүгүн жарыксыз калтырды

13:15, 25 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

25-сентябрь эртең менен Бишкектин айрым райондорунда электр энергиясы убактылуу өчтү. Чыңалуунун төмөндөшү Өзбекстандагы генерациянын авариялык өчүрүлүшүнөн кийин Борбордук Азиянын бирдиктүү энергосистемасында орун алды.

KEGOC компаниясы билдиргендей, саат 05:02де Өзбекстандын энергосистемасында 1 миң 516 мегаватт кубаттуулуктагы генерация өчкөн. Бул электр энергиясынын агымынын өзгөрүшүнө жана «Түндүк — Түштүк» транзитинин бөлүнүшүнө алып келген.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги Сырдарыя облусундагы жаңы жылуулук электр станциясында 1 миң 600 мегаватка чукул кубаттуулук авариялык абалда өчкөнүн кабарлады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18