USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ысык-Көл жана Баткенде сел жүрүшү мүмкүн

11:56, 25 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

25-26-сентябрда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана ойдуң жерлерди суу каптоо коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМ жарандарды жана тиешелүү кызматтарды аба ырайынын кесепеттерин эске алууга жана зарыл болгон коопсуздук чараларын көрүүгө чакырат.

Атап айтканда, катуу жааган жаан-чычын учурунда суу каптоо коркунучун азайтуу үчүн арык системаларын тазалоо сунушталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18