USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Социалдык келишим: Мамлекеттен 150 миң сомду кантип алууга болот?

11:05, 25 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда аз камсыз болгон жана кедей үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган «Социалдык келишим» программасын ишке ашыруу уланууда.

Министрлер кабинетиинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 токтомуна ылайык, белгиленген критерийлерге жооп берген үй-бүлөлөр социалдык келишим түзүүгө укуктуу. Анын ичинде үй-бүлө аз камсыз болгон же кедей деген статусту ырастаган документке ээ болушу керек. Бул социалдык паспорт же «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуу болушу мүмкүн.

Адатта, үй-бүлө программага катышууга макулдугун берип, бизнес-план сунуштап, ошондой эле эмгек жана мүлк потенциалына ээ болушу керек.

Программага катышууну каалаган жарандар арыз менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарына кайрылышы зарыл.

Үй-бүлөлөрдү тандоону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия жүргүзөт. Катышуучуларды, алардын программаларын жана бизнес-пландарын социалдык контрактты ишке ашыруу боюнча убактылуу комиссия бекитет.

Арыз жактырылгандан кийин үй-бүлөгө өз ишин баштоо үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каражат берилет.

Эмгек министрлигинен ошондой эле программага катышуу ыктыярдуу экенин эскертишти. Мындан тышкары, жыл сайын социалдык келишимдин 1 миң катышуучусу өз бизнесин андан ары өнүктүрүү үчүн пайызы жок насыя ала алат.

Насыянын өлчөмү 200 миң сомго чейин, мөөнөтү — үч жыл. Акчаны мурда социалдык келишимдин каражаттарынын эсебинен түзүлгөн бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүүгө багыттаса болот.

Пайызы жок насыялар «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу берилет.

Насыя алуу үчүн катышуучу ишкердик ишмердүүлүктү ырастаган документти — ЖЧКны, жеке ишкерди каттоону же патентти бериши керек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18