Бостериде нөшөрлөгөн жамгырдан улам эки үйдүн короосун суу каптады
24-сентябрда саат 22.30 чамасында Ысык-Көл районунун Бостери айылында катуу жааган жамгырдан улам «Кызыл-Чап» каналынан суу ашып кеткен. Натыйжада арыктагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Мамытов жана Достаев көчөлөрүндө жайгашкан эки үйдүн короосун суу каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, окуя болгон жерге сегиз куткаруучу, бир мотопомпа, мэриянын тогуз кызматкери, экскаватор жана жеке суу сордуруучу машина келген.
Адистер суунун агымын башка нукка буруп, суу өткөрүүчү курулмаларды тазалап, короолордогу сууну сордуруп чыгарышкан. Суу каптоо коркунучу четтетилди. Жабыркагандар жок экендигин мекемеден билдиришти.
«Кызыл-Чап» каналы Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын карамагында. Буга чейин бул жерде каналдын нугун кеңейтүү боюнча курулуш иштери башталган.